“Кыргызалтын” Баткен жана Ошто эки кенге чалгындоо иштерин жүргүзүүдө
“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов өлкөнүн түштүк аймактарындагы кендерди текшерди.
Башкармалыктан билдиришкендей, ал Баткен районундагы Чакуш жана Ош облусундагы Каракала-Терек кендериндеги геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Белгиленгендей, учурда компания Чакуш участкасында өз алдынча жер кыртышынын геологиялык түзүлүшүн жана курамын изилдөө, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө жана андан ары иштетүү үчүн баалуу металл ресурстарын баалоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө.
Ошондой эле “Кыргызалтындын” жетекчилиги Ош облусундагы Каракала-Терек тилкесиндеги иштерди көрдү. Анда аталган кендин геологиялык чалгындоо иштеринин планы жана технологиялык жолду реконструкциялоо маселелери талкууланды.
Учурда Каракала-Терек тилкесинде жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Сапардын жыйынтыгында Кубат Абдраимов “Кыргызалтын” ААКтын туунду компанияларынын жетекчилерине белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, сапаттуу жана өз убагында аткарууга бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, “Кыргызалтын” ААК өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан эки кенди чалгындоо жана иштетүүгө лицензия алган.