Кыргыз улуттук университетинде 16 кабаттуу заманбап имарат курулат

 Кыргыз улуттук университетинде 16 кабаттуу заманбап имарат курулат

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде 16 кабаттуу заманбап имарат курулат.

Университеттен билдиришкендей, учурда КУУнун жатаканасынын эски имаратын буздурулууда. Жаңы имарат заманбап стандарттарга жооп берип, студенттер үчүн кошумча окуу жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Окуу жайдан ректорунун айтымында, көп кабаттуу комплекс №4 жатакананын ордуна курулат.

“Бул комплекс билим берүүчү дарсканалар, студенттер жана чет элдик окутуучулар үчүн жаткана, күн-түн иштеген китепкана, бала бакчаны камтыган жалпы аянты 16 000 м²ден ашкан социалдык имарат болуп курулат”- деди окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоев.

Комплекстин негизги өзгөчөлүктөрү:

– Окуу аудиториялары жана лабораториялар;

– Студенттер, магистранттар жана окутуучулар үчүн жатакана;

– Административдик бөлмөлөр;

– КУУнун музейи;

– 200 орундуу күн-түн иштеген 24/7 китепкана;

– 600 орундуу амфитеатр жана конференц-зал;

– 60 орундуу эс алуу жана өз алдынча окуу зоналары;

– 60 орундуу галерея тибиндеги оранжерея;

– Студенттер үчүн обсерватория.

– жана студенттер менен чет элдик окутуучулар үчүн жатканалар курулат.

Ал эми, КУУнунун чарбалык иштери боюнча проректору Бактыбек Айтахуновдун айтымында, курулуштун жалпы наркы 1 млрд 379 млн.  Каржылоо булактары – 500 млн— университеттин өз каражаттары, – 879 млн сом — КР Өнүктүрүү фондунун каражаттары. Курулуш мөөнөтү: 1,5–2 жыл.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 20-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору Бишкек шаарынын мэрине расмий кат менен кайрылып, №4 жатакананын имаратын бузуу чечими тууралуу маалымдаган. Бул чечим университеттин Окумуштуулар кеңешинин токтомуна негизделип чыгарылган.

Мындан улам, Бишкек шаарынын мэриясы атайын комиссия түзүп, имараттын техникалык абалы боюнча кошумча изилдөө жүргүзгөн. 2025-жылдын 24-февралында комиссия имараттын техникалык абалы авариялык экенин тастыктаган. Комиссиянын мүчөлөрү имаратты пайдаланууга болбойт жана ал бузулушу керек деген тыянак чыгарышкан.

Белгилей кетсек, ачык тендердин жыйынтыгы боюнча (анда үч курулуш компаниясы катышкан), Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жаңы 16 кабаттуу заманбап  комплекси боюнча курулуш иштерин жүргүзүүнү  “Бай Таш” ЖЧК аныкталды.

“Бул долбоор КУУнун 100 жылдык мааракесине карата инфраструктураны жаңыртуу программасынын алкагында ишке ашырылууда. Ал заманбап курулуш нормалары жана стандарттары эске алынуу менен иштелип чыгып, бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост