Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык-укуктук жумушчу топтордун аткарган иштеринин жыйынтыгы талкууланды

2023-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун ортосунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер, 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын талкуулап, калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти.

 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Связанный пост