Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Учурда чек араны тосуу жумуштары райондун Максат айылынын аймагында жүрүүдө.

2025-жылдын 12-ноябрына карата жалпы Баткен облусу боюнча 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылды. Анын ичинен Баткен районунда 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда 31 чакырым 152,5 метр аралык тосулду.

Мындан сырткары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынды.

Чек араны демаркациялоо иштерин илгерилетүү максатында, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чек ара сызыгы өткөн аймактарды турак үй, короо жай, бак дарактардан тазалоо жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып келет. Лейлек району боюнча 108 объект бузулган.

Анын ичинде турак үй, мал сарай, ашкана, мончо сыяктуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык багыттагы объекттер бар. Бул багытта көз карандысыз эксперттер объекттерге баалоо жүргүзүүдө. Жарандар бул иш аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасоодо.

Связанный пост