Кыргыз-тажик чек арасын тактоо 1991-жылдагы документтин негизинде жүрдү

 Кыргыз-тажик чек арасын тактоо 1991-жылдагы документтин негизинде жүрдү

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо 1991-жылдагы документтин негизинде жүрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, мамлекеттик чек араны тактоодо 1924-1927-жылкы карталар колдонулган жок. Буга тажик тарап да макул болду.

“2021-жылдан тартып эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны тактоо иштери жигердүү улантып, талаа изилдөө жана камералык жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында жыйынтыктарга жетиштик. Биз 1924-1927-жылкы карталар менен эмес, 1991-жылы кабыл алынган, азыркы биздин жашап жаткан чек аралар боюнча тактоолорду баштадык. Ушуга экинчи тарап макул болду”, – деди Камчыбек Ташиев.

Связанный пост