Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө эки мамлекеттин тең кызыкчылыгы эске алынды

Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө эки мамлекеттин тең кызыкчылыгы эске алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, кабыл алынган чечимдердин бардыгын бир тараптуу деп айтууга болбойт. Себеби мамлекеттик чек ара бир тараптуу чечилбейт. Ошондуктан эки тараптын тең кызыкчылыгы каралды.
“Бир тараптуу кызыкчылык менен чечилген мамлекеттик чек ара эч качан жакшылыкка алып келбейт. Экинчи тарап тең ыраазы болушу керек. Эки тарап бири-бирине ыраазы болгон күндө гана, түбөлүк тынчтык орнойт деген принциптерди биз кармандык. Буга байланыштуу тажик тарап менен дагы биз өтө тыгыз байланышып иштеп, алар кээ бир керектүү жерлеринде бизге эпке келип жатышты, биз аларга керектүү жерлеринде, ыңгайлуу болгон нерселерде эпке келип, ошентип отуруп акыры келишим түзүлдү”, – деп белгиледи УКМК төрагасы.