«Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» конкурсу жарыяланды
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору өлкөбүздүн экспорттоочуларын «Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» улуттук конкурсуна катышууга чакырат.
Конкурска өлкө аймагында катталган жана кеминде бир жыл экспорттук ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат.
Конкурстун алкагында жалпы 10 номинация каралган, ал эми жеңүүчүлөргө экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүүгө бағытталган каржылык жана каржылык эмес колдоо чаралары көрсөтүлөт.
Заявкалар 2025-жылдын 19-декабры, саат 23:59га чейин кабыл алынат.
Жеңүүчүлөр 24-декабрда өтө турган расмий салтанатта жарыяланат.