“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жаңы реалдуулуктарын жана тенденцияларын эске алуу менен аны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Алсак, Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун эл аралык келишимдерди түзүү бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-главасында атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары белгиленгендигин эске алып, жогоруда аталган Мыйзамга ушул мамлекеттик органдардын эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү укуктук абалын караган тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди.
Эл аралык укукта айрым субъекттердин көп тараптуу эл аралык келишимдерге кошулушуна же андан чыгуусуна ар кандай мамилелер белгиленген. Ошентип, мындай кошулуунун түрлөрүнүн бири көп тараптуу эл аралык келишимдин катышуучуларынын ага башка катышуучуну кошууга же андан чыгууга макулдугун берүү болуп саналат.
Башка катышуучунун көп тараптуу эл аралык келишимге кошулуусуна (же андан чыгуусуна) макулдук/макул эместигин билдирүү механизмин аныктоо зарылдыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тиешелүү ченемдерди караган 172-берене менен толукталган.
Ошондой эле Мыйзам менен жогоруда аталган Мыйзамдын 9-беренеси кызмат адамын идентификациялоону, эл аралык келишимге кол коюунун датасын, убактысын жана ордун, атап айтканда электрондук кол тамга технологиясы аркылуу белгилөөнү камсыз кылган маалыматтык технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караган ченем менен толукталат.