“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди 

 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап, алар 3 жашка чыкканга чейин, алардын социалдык-экономикалык абалына карабастан, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу дайындоо каралган.

Мындан тышкары, Мыйзамда «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилери белгиленген.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Связанный пост