«Кыргыз мунай» Кумтөрдү негизги күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздайт

«Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасы «Кумтөр Голд Компанинин» эң башкы мунай камсыздоочусу болуп калды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.
«Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ортосунда түзүлгөн атайын келишимдин алкагында, эми Кумтөр кенин күйүүчү жана майлоочу материалдар менен камсыз кылуу негизинен мамлекеттик компаниянын мойнуна жүктөлдү.
Макулдашуунун негизинде, «Кыргыз мунай компаниясы» Кумтөр үчүн негизги мунай продуктулары жеткирүүчү болуп белгиленди.
Мындан сырткары, компания өкүлдөрү Балыкчы шаарындагы өткөөл базага барышып, ал жердеги күйүүчү майды сактоо жана ташуу үчүн колдонулган материалдык-техникалык база менен таанышышты.
Эске салсак, 2025-жылдын 1-июлунда кабыл алынган министрлер кабинетинин №384 токтомуна ылайык, «Кыргыз мунай компаниясы» бардык мамлекеттик ишканаларга, ошондой эле уставдык капиталынын 50% жана андан ашыгы мамлекетке тиешелүү болгон чарбалык субъекттерге күйүүчү май жана мунай продуктуларын жеткирүүчү башкы мекеме катары аныкталган. Бул чечим тоо-кен тармагындагы компанияларды дагы камтыйт.