Кыргыз-кытай окумуштуулары байыркы кол жазмаларды бирге изилдейт
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 28-январда Кытайдын башкы аналитикалык борбору болгон Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян жана ал жетектеген делегациянын курамындагы тарыхчылар менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын аналитикалык борборлорунун жана тарыхчыларынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.
“Биз билгенден, Гао Сян Кытайдын Цин доорундагы тарыхы боюнча чоң окумуштуу. Андан сырткары, Гао Сяндын азыркы эл аралык абал тууралуу билдирүүлөрү, докладдары да такай эксперттик коомчулуктун көңүл чордонунда”, – деди мамлекеттик катчы.
Өз кезегинде, Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун кызматкерлери менен жолугушууда кыргыздардын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы боюнча булактарды биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.