Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пункту ачылат

 Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пункту ачылат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Биргелешип 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ортосундагы 2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Алмашуу ноталарында кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу каралган, ал өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде “Бир алкак – бир жол” долбооруна Кыргыз Республикасынын катышуусунун алкагында эки өлкөнүн чек ара кызматташтыгына оң таасирин тийгизет.

Связанный пост