Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары 2026-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 1-январында саат 22:00дөн тартып, ал эми “Торугарт” өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 2-январында саат 08:00дөн тартып кайрадан жандандырылат.
Чек ара кызматы жарандардан жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.