Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кытай тараптын демилгеси менен КЭР Күздүн ортосу майрамы (29-сентябрда) жана КЭР негизделген күнү (1-октябрда) майрамдалаарына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 2023-жылдын 29-сентябрында жана 1-3 – октябрында убактылуу жабылаарын маалымдайт.
“Иркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” КӨЖ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү 30-сентябрда өткөрөт жана 2023-жылдын 04-октябрынан баштап кайрадан күнүмдүк тартипте иштеп баштайт.