Кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосундагы Соцкамсыздандыруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 Кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосундагы Соцкамсыздандыруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген макулдашуу эки өлкөнүн жарандары үчүн Кыргыз Республикасына карата курагы, майыптыгы, багуучусунан айрылгандыгы боюнча камсыздандырууга (республикалык бюджеттен кепилдиктерди эсепке албастан), ошондой эле Кытай Эл Республикасына карата кызматкерлерди карылыгы боюнча базалык камсыздандырууга, шаардын жана айылдын тургундары үчүн карылыгы боюнча базалык камсыздандырууга укуктарды алуу боюнча бирдей шарттарды түзөт.

Макулдашууга ылайык, пенсияларды, анын ичинде сөөк коюуга жөлөкпулду, багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсияны эсептөө жана төлөө ошол адам тийиштүү түрдө ушул пенсияга укук алган макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Макулдашууда макулдашуучу тараптардын ыйгарым укуктуу органдары административдик макулдашуу түзүшөт, анда бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар баяндалат деп белгиленген.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасына карата ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду саналат.

Связанный пост