Кыргыз, казак жана каракалпак элинин боз үй жасоо салттары ЮНЕСКОнун тизмесине кирди
Кыргыз, казак жана каракалпак элине таандык боз үйдү жасоого байланышкан салттуу билимдер жана чеберчилик ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим Индиянын Дели шаарында өткөн Материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитеттин 20-сессиясында кабыл алынган. Аталган номинация Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттерин бириктирет.
Саида Мирзиёева боз үй түрк элдеринин улуттук турак жайы гана болбостон, алардын тарыхый эс тутумун, дүйнө таанымын жана маданий өздүгүн чагылдырган символ экенин белгиледи.
Ошондой эле ал боз үй Өзбекстандын материалдык эмес маданий мурасынын Улуттук тизмесине буга чейин киргизилгенин, ал эми ЮНЕСКОнун тизмесине кошулушу салтты сактап келген усталардын, изилдөөчүлөрдүн жана мурастын сактоочуларынын эмгегине берилген эл аралык баа экенин айтты.
Булак “Кабар” агенттиги