Кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар соода-экономикалык байланыштарга басым жасоо менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.
Айыл чарба, инфраструктура, логистика, суу-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча ишенимдүү диалогду жана натыйжалуу кызматташтыкты колдоонун негизи болоруна ишеним билдирди. Жолугушуунун соңунда эки тараптын катышуусундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралардын графиги, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери талкууланды.