Кыргыз-казак чек арасында электрондук кезек ишке кирет

 Кыргыз-казак чек арасында электрондук кезек ишке кирет

Казакстан Кыргызстан менен чектешкен өткөрүү пункттарында электрондук кезек системасын киргизүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети билдиргенин Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, тутум 30-январдан тарта Алматы облусундагы “Кеген” (Кыргызстан тараптан “Каркыра”) өткөрүү пунктунда, ал эми 16-февралдан тарта Жамбыл облусундагы “Кордай” (Кыргызстан тараптан “Ак-Жол”) өткөрүү пунктунда ишке киргизилет.

Алдын ала кезекке туруу CarGoRuqsat мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылат. Азыркы учурда бул тутум аркылуу Кытай, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан менен чектешкен негизги багыттарда иштеп жатат.

“Бул жүк ташуучуларга чек арадан өтүү убактысын алдын ала ээлеп, кезектерди кыскартууга жана документтерди тариздөөнү жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост