Кыргыз күрөшү боюнча Республикалык мелдеш болуп өттү

1-август күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Абакирдин Рысовдун байгесине арналган Республикалык мелдеши болуп өттү.
Мелдешке бардык аймактардан келген 88 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
62 кг
1-орун Эламан Базарбек уулу (Бишкек);
2-орун Бей-Барс Анарбеков (Талас);
3-орун Бекболот Султанов(Бөкөнбай);
75 кг
1-орун Айболат Аманов (Бишкек);
2-орун Алай Саратов (Ысык-Көл);
3-орун Байбол Саламат уулу (Бөкөнбай).
85 кг
1-орун Азизхан Мусабек уулу (Кара-Ой);
2-орун Билал Жороев (Талас);
3-орун Манас Үсөнов (Бишкек).
+85 кг
1-орун Бактияр Мирлан уулу (Бишкек);
2-орун Мухтар Калыбек уулу (Жалал-Абад);
3-орун Тамчы Эсенбек уулу (Нарын).
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөр боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Связанный пост