Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” өтөт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусунда 2023- жылдын 10-11- август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” өтөт.
Борбор Азия жаштарынын башын бириктирген форум дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка зор таасир тийгизген кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана калтырып кеткен мурасына арналып, ал өзгөчө орун ээлеген окуя болуп калмакчы. Иш-чаранын максаты-жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Форум алты панелдик сессия менен өтөт. Панелдик сессиянын темалары:
– “Кылым тогошуудагы маданият” – маданияттын азыркы дүйнөдөгү ролу жана жаштардын өздүгүн жана улуттук аң-сезимин калыптандыруудагы мааниси;
– “Креативдүү индустрия” – аймактардагы креативдүү тармактардын мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин, ошондой эле алардын экономикага жана социалдык-маданий ар түрдүүлүккө кошкон салымы;
– “Айыл чарбасындагы инновациялар” – жаштардын катышуусу менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө карата заманбап технологияларды жана мамилелерди жана алардын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы ролу;
– “БУУнун 2250” (Жаштар, тынчтык жана коопсуздук боюнча ресурстар, 2015-жылы кабыл алынган) резолюциясы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу – жаштардын коомдук жана саясий турмушка активдүү катышуусун колдоого багытталган конструктивдүү сунуштамаларды түзүү;
– “Ыктыярчылар-коомдун тиреги” – коомду өнүктүрүүдө ыктыярчылардын маанилүү ролун талкуулоо жана демилгелүү жаштардын алдыңкы тажрыйбалары менен алмашуу;
– “Жаш мамлекеттик кызматкерлер – келечекке жаңы көз караш” – жаштардын мамлекеттик кызматка катышуусунун жана алардын өлкөнүн динамикалуу келечегине кошкон салымынын маанилүүлүгү.

Связанный пост