Кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

 Кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын Бундестагынын (парламентинин) депутаты Стефан Майерди кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыгы боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого бурулду.

Медер Абакиров соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары жандандыруу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле инвестициялык жана ишкерлик байланыштарды кеңейтүүнүн, анын ичинде биргелешкен бизнес-иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоолорго токтолуп, шайлоо процесси ачык, айкын жана эл аралык демократиялык стандарттарга ылайык өтүшүн камсыз кылуу максатында Германиядан эл аралык байкоочуларды катышууга чакырды.

Өз кезегинде депутат Стефан Майер эки тараптуу кызматташтыкты, айрыкча соода жана экономика тармактарындагы алакаларды андан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Связанный пост