Кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
«Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасы күнү» кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Алар төмөндөгүлөр:
⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Германиянын орто бизнес федералдык союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Sitex Group» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
⁃ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен «Staff-eye Group» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен «Intertek GmbH» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
⁃ «Дауд АС» жана «Saatenberg GmbH» ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
⁃ «K.S. Solutions» жана «Kocks Consult GmbH, Stegemannstraße» ортосундагы ниеттер жөнүндө меморандум;
⁃ «BT Innovation» жана «Jebsen & Jessen Industrial Solutions Gmb» ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
⁃ «IWEX» жана «W.Hass Future GmbH» ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
⁃ Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жашыл электр станциялары ассоциациясы менен «W.Hass Future GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу.