Кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүгүү иштери боюнча министрлигинин Мамлекеттик катчысы Стивен Даути менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-британиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Тараптар акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде айыл чарба, эмгек миграциясы, билим берүү, энергетика жана логистика тармактарындагы байланыштардын бекемделишине жана кеңейишине канааттангандыгын билдиришти.
Данияр Амангелдиев Кыргызстан мындан ары Улуу Британия менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин белгиледи.
Мамлекеттик министр өз кезегинде Улуу Британия Кыргызстан менен бардык маселелер боюнча мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар кыргыз-британиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган диалогду улантууну макулдашты.