Кыргыз-афган бизнес форумунда 157 млн долларлык 11 келишим түзүлдү
Афганистандын борбору Кабул шаарында кыргыз-афган бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бизнес форум Кыргызстандын “Кыргыз Экспорт” борбору жана Афганистандын Соода-инвестициялык палатасы тарабынан уюштурулду.
Форумдун жүрүшүндө Афганистандын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 157 млн долларды түзгөн 11 келишимге кол коюлду. Бул келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциясы сыяктуу багыттарды камтыйт.
Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.