Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

 Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Бүгүн саат 06:22де кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Керкиден айылынан түндүккө карай 5 км, Найман айылынан түштүк-батышка карай 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан түндүккө карай 20 км, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 60 км аралыкта жайгашкан.

 

Кыргызстандын калкттуу пункттары – Керкиден жана Найман айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.

Связанный пост