Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу болуп саналат.
Алсак, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык:
– тергөөчүгө алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүү, алгачкы текшерүү органына аталган Кодекстин
153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында сурак жүргүзүү укуктары берилди;
– эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор материалдардын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.