Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

 Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

Кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен аталган жагдай (соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда) реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 3,4-пункттары менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизилет.

Связанный пост