Квота менен келе турган электромобилдер башка мамлекеттерге чыкпайт

 Квота менен келе турган электромобилдер башка мамлекеттерге чыкпайт

Кыргызстан үчүн квотанын негизинде келе турган 15 миң даана электромобилди башка мамлекеттерге чыгарууга болбойт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча жетектөөчү адиси Элкынан Закиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эгер бизге келген электромобиль Россиянын же башка өлкөнүн аймагына өтүп кете турган болсо, анда мыйзам чегинде алар бажылык төлөм төлөөгө туура келет.

“Кыргызстан 2026-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 15 миң даана электромобиль ташып кирүүгө квота алды. Бажы төлөмдөрүнөн бошотулган бул электромобилдер бир гана Кыргызстан үчүн. Мисалы, ушул чечимдин негизинде кээ бир ЕАЭБге мүчө өлкөлөр буга кошулбайт. Анткени, Кыргызстанга келген электромобиль бажы төлөмдөрү жок баасы арзан болот.

ЕАЭБге мүчө 5 өлкөгө бирдиктүү бажылык тарифтер көрсөтүлгөн. Анын ичинде электромобилдерге карата 15 пайыз өлчөмүндө бажылык төлөм каралган. Ошол 15 пайыздык төлөмдөн азыркы электромобилдер 2026-жылга карата бошотулду”,- деди Закиров.

Белгилей кетсек, ЕАЭБ аймагында электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттарына (гибриддик жана электр унаалары) импорттук бажы төлөмүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдиктер боюнча Кыргызстан колдонуудагы квотаны өздөштүрүүгө байланыштуу үстүбүздөгү жылга тарифтик жеңилдиктерди кеңейтүүнү жана 15 миң даанага чейин көбөйтүү сунушу кабыл алынып, мындай чечимге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Россиянын Москва шаарында өткөн жыйында кол коюлган.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост