Кувейттин Эмири Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кувейт Мамлекетинин Эмири Мешал аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Ыйык Орозо айт майрамына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди терең урматтоо менен билдирем.
Бул куттуу майрам мусулман коомчулугуна тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келишин Алла Тааладан суранам. Сизге бекем ден соолук, өлкөңүзгө жана элиңизге мындан аркы өсүүнү жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.