Курулуш тармагынан эки айда 4,5 млрд сомго жакын салык жыйналды
2026-жылдын январь–февраль айларында курулуш тармагынан бюджетке 4 млрд 491 млн сом түшкөн. Бул тууралуу курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Ал өз сөзүндө курулуш тармагынын өкүлдөрүн биримдикте иш алып барууга чакыруу менен мамлекеттик бюджетке төмөнкүдөй салыктар түшкөнүн маалымдады:
- 2020-жылы — 1 млрд 876 млн сом;
- 2021-жылы — 2 млрд 324 млн сом;
- 2022-жылы — 4 млрд 263 млн сом;
- 2023-жылы — 7 млрд 86 млн сом;
- 2024-жылы — 10 млрд 385 млн сом;
- 2025-жылы — 17 млрд 764 млн сом.
Белгилей кетсек, Шыкмаматов курулуш компаниялары менен салык режимин жеңилдетүү маселесин иштеп чыгууга даяр экендигин белгиледи.
Жолугушууга Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ош облустарындагы курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышууда.