Курулуш лицензиясын бир күндө онлайн алууга болот
Кыргызстанда курулуш ишмердигине лицензияны бир күндүн ичинде онлайн алууга болот. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, мыйзам боюнча курулуш лицензиясын сатууга жана башка жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Лицензия мөөнөтсүз берилет жана ажыратылгыс болуп саналат.
“Ортомчуларга кайрылбоого, лицензия сатып алуу боюнча шектүү сунуштарга ишенбөөгө чакырабыз. Лицензия алуу үчүн документтерди электрондук түрдө тапшырууга болот. Тартиби жана керектүү документтер тууралуу маалыматты (0312) 31 29 77 номери аркылуу алууга мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.