Курулуш компанияларына лицензия берүүдөн бюджетке 55,26 млн сом түштү

 Курулуш компанияларына лицензия берүүдөн бюджетке 55,26 млн сом түштү

Курулуш тармагындагы коррупциялык элементтерди жоюу аракеттеринин натыйжасында ушул жылдын август айынан тарта Мамкурулуштун лицензиялоо башкармалыгы тарабынан мамлекеттик бюджет 55,26 млн сомго толукталды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамкурулуш агенттиги тарабынан 2024-жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин курулуш тармагында жөнгө салуунун натыйжалуулугун жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган лицензиялоо чөйрөсүндө реформа жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн реформалардын негизги жетишкендиктери:

Лицензия алуу үчүн талап кылынган документтердин саны 23төн 6га чейин кыскартылды, бул процесстин ылдамдатылышына жана тармактагы бизнес чөйрөсүнүн жакшыртылышына алып келди.

Ошондой эле, лицензиялоо талаптары күчөтүлдү. 2024-жылы 587 лицензия курулуш нормаларын бузгандыгы үчүн убактылуу токтотулду, ал эми 2023-жылы 2 лицензия токтотулган.

Белгиленгендей, чет элдик курулуш компанияларынын лицензияларын таануу мүмкүнчүлүктөрү киргизилип, бул Кыргызстандын рыногун жеткиликтүү кылуу менен чет элдик компаниялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти.

Эске салсак, бул реформалар курулуш ишинин сапатын, жарандардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Связанный пост