Курман айтта 11 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт

 Курман айтта 11 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт

Эртең, 6-июнда республика боюнча мечиттерде жана ага жакын аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Курман айт майрамына даярдык көрүүнүн алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда коомдук тартипти камсыздоо жана мүмкүн болуучу укук бузуулардын алдын алуу боюнча ыкчам-профилактикалык иш-чараларды күчөтүүдө.

Мындан тышкары жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

Связанный пост