Кумтөрдө санариптик технологиялар киргизилүүдө

“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кениндеги долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин текшерди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Анын алкагында “Кыргызалтындын” башчысы кенде алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышып, ири жүк ташуучу унааларга орнотулган, кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сыноо иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле кендин борбордук жана Сары-Төр карьерлеринин, алтын ылгоочу фабриканын, оор техникаларды оңдоочу жайдын иши менен таанышып чыкты.

Кубат Абдраимов “Кумтөр Голд Компани” үчүн ушул жылга белгиленген алтын өндүрүү планын так аткаруу тапшырмасын койду. Ошондой эле ал оор тоо-кен техникаларын оңдоочу жайдын жана май куюучу комплекстин ишине өзгөчө көңүл бурду.

“Азыр кен жайда эң заманбап атайын тоо-кен жана көмөкчү техникалар иштейт. Техника бийик тоо шартында, көбүнчө катаал аба ырайында тынымсыз иштегендиктен, ар кандай бузулуулар сөзсүз болот. Мында көп нерсе оңдоочу усталардын кесипкөйлүгүнөн көз каранды. Күйүүчү май куюучу комплекске келсек, анын ишке киргизилиши дизель отунун колдонууну көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана олуттуу каржылык ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк бергенин белгилегим келет. Биз мындай жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Бул багыттагы ишти дайыма өркүндөтүп, санариптештирүү элементтерин активдүү илгерилетебиз”, – деп белгиледи ал.

Связанный пост