Кумтөрдүн кайра иштетүүчү заводу расмий лицензия алды
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Токмок шаарындагы “Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводу” филиалы дөңгөлөктөрдү утилизациялоо жана кайра иштетүүгө лицензия алды.
Компаниядан билдиришкендей, документти Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берген. Ал ишканага дөңгөлөктөрдүн калдыктарын утилизациялоо боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Компаниянын маалыматы боюнча, заводдун кызматтары өнөр жай ишканаларына, тоо-кен казуучу жана транспорттук компанияларга талап кылынышы мүмкүн. Кайра иштетүүчү ишкана менен кызматташуу дөңгөлөктөрдү импорттоочуларга утилизациялык төлөмгө кеткен чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.
Маалымат үчүн: Заводдун кубаттуулугу жылына 10 миң тонна дөңгөлөктү кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Ишкана бардык типтеги, анын ичинде карьердик, курулуш жана айыл чарба техникасынын, ири габариттүү дөңгөлөктөрдү утилизациялоого кабыл алат.
Заводдо эки цех иштейт:
- Автомобиль дөңгөлөктөрүн утилизациялоочу цех;
- Дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү цех.
Ишканада плиткаларды, килемдерди жана балдар аянтчалары менен спорт аянтчалары үчүн коопсуздук жабдууларды жасоодо колдонулуучу экинчи чийки зат болгон резина күкүмдөрүн өндүрүү үчүн калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон дөңгөлөктөр колдонулат.
Ал эми учурда калыбына келтирилген ири габариттүү дөңгөлөктөр Caterpillar 789C чоң жүк ташуучу самосвалдарына орнотулуп, Кумтөр кенинде сыноодон өтүүдө.