“Кумтөр” компаниясы акыркы 2 жылда Ысык-Көл облусуна 147 млн сом бөлгөн
“Кумтөр Голд Компани” акыркы 2 жылда Ысык-Көл облусуна 147 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу “Кумтор Голд Компани” ЖАК башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субановдун облус башчысы Бакытбек Жетигенов менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Компаниядан билдиришкендей, бул каражат облустун аймагында социалдык долбоорлорду колдоого багытталган.
Жолугушууда компаниянын 2024-жылдагы көрсөткүчтөрү жана алдыдагы пландары, Кумтөр ишканасынын Ысык-Көл облусунда ишке ашырып жаткан долбоорлору талкууланды.
Ишкана жетекчиси 2024-жыл компания үчүн ийгиликтүү болуп, быйылкы жылга дагы маанилүү иштер, максаттар коюлуп жаткандыгын баса белгиледи.
“Кумтөр Голд Компани” Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык турмушуна активдүү катышып, бир катар социалдык, инфраструктуралык, экологиялык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятка байланышкан долбоорлорду колдоп, жалпысынан акыркы 2 жылда 147,7 млн сом жумшаган. Мындан ары дагы бул багыттагы иштерди уланта беребиз”,- деди Бузурман Субанов.
Өз кезегинде Бакытбек Жетигенов компаниянын Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымын жогору баалап, ыраазычылык билдирди.