“Кумтөр Голд Компани” тогуз айда бюджетке 10 млрд 37 млн сом төктү
Жыл башынан тарта «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 10 миллиард 37 миллион сом төккөн. Бул тууралуу ишканын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6 миллиард 388 миллион сомдон ашык дүң кирешеге салыгы, минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү салыгы 317 миллион 647 миң сом, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү 1 миллиард 803 миллион сомдон ашса, башка салыктар жана төлөмдөрдүн өлчөмү 402 млн 74 миң сом болду.
Мындан сырткары, ишкана Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна 500 млн 965 миң сом, Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна 300 млн 300 миң сом, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине болгон экологиялык төлөмдөр 27 млн 612 миң сом, Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн 197 млн сом которгон.