Кудайберген Базарбаев Казакстан президентине ишеним грамоталарын тапшырды
Казакстан президентинин “Ак Ордо” резиденциясында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев тарабынан Ишеним грамоталарын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге тапшыруу аземи өттү.
Аземдин жүрүшүндө элчи Кудайберген Базарбаев Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирди. Ал кыргыз-казак союздук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринде жаңы жыйынтыктарга жетүү үчүн бардык аракетин көрөрүн баса белгиледи.
Өзүнүн салтанаттуу сөзүндө Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак өнөктөштүгүнүн тарыхый достукка, бир туугандыкка, союздаштыкка жана өз ара урматтоого негизделген кеңири камтылган стратегиялык мүнөзүн жогору баалады.
Иш-чаранын соңунда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эң жакшы каалоо-тилектерин жолдоду.