Кубанычбек Бөкөнтаев Россияда ур-токмокко кабылган кыргызстандыктардын ишин адилеттүү кароону суранды

 Кубанычбек Бөкөнтаев Россияда ур-токмокко кабылган кыргызстандыктардын ишин адилеттүү кароону суранды

Күн мурун элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Россиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагасы – Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Кобылкин менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнүн миграциялык чөйрөдөгү жаңы мыйзам демилгелеринин контекстиндеги актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.

Элчи Бөкөнтаев 11-апрелдеги Москва шаарындагы “Бодрость” мончо комплексинде болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Россия тараптан бул маселени объективдүү жана акыйкат кароону суранды.

Ошону менен бирге Кыргызстандын элчиси ЖМКларда жарыяланган россиялык депутаттар К.Затулиндин, А. Аршинованын, С.Журованын Россиянын аймагында жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарына адилеттүү мамиле кылуу жана бул боюнча чынчыл териштирүү зарылдыгы тууралуу пикирин кубаттады.

Өз кезегинде Кобылкин өз кесиптештеринин айтылган ой-пикирлери менен бөлүшүп, мындан ары мындай кырдаалга жол бербөө үчүн бул окуя боюнча кылдат териштирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-россиялык парламенттер аралык мамилелердин жогорку динамикасын белгилешип, эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде боло турган иш-чараларды талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу байланыштарды колдоону макулдашышты.

Связанный пост