Кубанычбек Өмүралиев ТИМдин «Эл аралык кызматташууну бекемдөө үчүн» медалы менен сыйланды

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы министрге күн мурун, 18-сентябрда Бишкекте алгачкы жолу болуп өткөн ТМУ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, Кубанычбек Өмуралиев 6-7-октябрда Азербайжанда өтө турган Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйындарына даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Тараптар Кыргызстандын уюмга учурдагы төрагалыгы боюнча пикир алмашып, ТМУ алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого умтуларын билдиришти.
Жыйындын соңунда министр Жээнбек Кулубаев башкы катчы Кубанычбек Өмүралиевге Тышкы иштер министрлигинин «Эл аралык кызматташууну бекемдөө үчүн» ведомстволук медалын тапшырды.
Сыйлык башкы катчынын эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымын, ошондой эле ТМУ алкагында түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын тереңдетүү боюнча жигердүү ишмердүүлүгүн баалоо максатында берилди.