КРнын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата 32 чакырымга ат чабыш өтүп, байгеге батир коюлат

 КРнын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата 32 чакырымга ат чабыш өтүп, байгеге батир коюлат
Ош облусунда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу өтөт
Спорттук иш-чаралар 28-31-август күндөрү Ош облусунун “Төлөйкан” ат майданында жана Ош шаарынын А.Суюнбаев атыдагы борбордук стадионунда болмокчу.
Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер өтөт.
Байге фонду 9 миллион сомду түзөт.
Мелдешке республиканын баардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Түркмөнстандан келген спортчулар катышат.
Белгилей кетсек, аталган мелдештер Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н.Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги программанын негизинде өткөрүлөт.

Связанный пост