Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин кирешеси 516 млн сомду түздү
Креативдүү индустриялар паркындагы резиденттердин 2025-жылдагы жалпы кирешеси 516 млн сомго жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Креативдүү индустриялар паркынын директору Канышай Мамытова билдирди.
Анын айтымында, Креативдүү индустриялар паркынын негизги артыкчылыгы резиденттер үчүн түзүлгөн атайын салык режими. Тактап айтканда, киреше салыгы, КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ордуна резиденттер квартал сайын киреше салыгын төлөшөт. 2023–2024-жылдары бул салык 0,5 пайызды, 2025-2026-жылдары 1 пайызды түзсө, 2027-жылы 2 пайыз болору маалымдалды.
“Салыштырып көрсөк, азыр биздин резиденттер кирешесинен 1 пайыз салык төлөшөт. Ал эми Креативдүү индустриялар паркына кирбеген компаниялар төлөө ыкмасына жараша 4-6 пайызга чейин салык төлөшөт. Мындан тышкары, бизде киреше салыгы жана социалдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер бар. Анткени, креативдүү компанияларда негизги продукт машиналар же чийки зат аркылуу эмес, адамдардын аракети, чыгармачылыгы жана креативдүү эмгеги аркылуу жаралат. Ошондуктан мындай компанияларда эң чоң чыгым кызматкерлердин эмгек акысы болот. Биздин Креативдүү индустриялар паркындагы салык режиминде жеңилдиктер бар. Башкача айтканда, киреше салыгы 10 пайыздын ордуна 5 пайызды түзөт. Ал эми социалдык чегерүүлөр туруктуу эмес жана эмгек акыга да көз каранды эмес. Ал эми иш берүүчү өзү да социалдык чегерүүлөрдөн бошотулган”, – деди Мамытова.
Адис белгилегендей, 2024-жылдын үчүнчү кварталында Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин жалпы кирешеси 44 млн сомду түзгөн. Резиденттер төлөгөн бирдиктүү салык 262 миң сом болуп, 93 жумуш орундарын түзгөн.
Ал эми 2025-жыл ичинде резиденттердин жалпы кирешеси 516 млн сом болуп, төлөнгөн салык 5 млн 165 миң сомду түзгөн. Мында 591 жаңы жумуш орундары пайда болгон.
Булак “Кабар” агенттиги