КРдин Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

 КРдин Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш куракка жеткен, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектерге өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн. Ошондой эле Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда сот жазаны өтөөгө тоскоол болгон катуу оорунун бар экендигине карабастан баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамга жаза дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгараары каралган.

Связанный пост