КР Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Мамадияр Исабаев дүйнөдөн кайтты

 КР Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Мамадияр Исабаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасы оор жоготууга учурады. 73 жашында белгилүү юрист, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, эң жогорку квалификациялык класстагы судья Мамадияр Исламович Исабаев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Исабаев Мамадияр Исламович 1952-жылы 15-апрелде Ош жергесинин Ноокат районунун Кеңеш айылында туулган.

1967-жылдан 1971-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында билим алган. 1974-79-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинде окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-71-жылдары башталгыч мектепте мугалим болуу менен баштаган. 1972-74-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1979-1984-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде консультант, Ош облустук юстиция бөлүгүндө улук консультант, Ош облустук сотунда мүчө, 1984-жылы Таш-Көмүр шаардык сотунда төрага – эл соту болуп иштеген.

1987-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда мүчө, 1991-1995-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук сотунда төрага болуп эмгектенген.

Такшалган тажрыйбалуу судья катары 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматына дайындалып, аны 1998-жылга чейин үзүрлүү жетектеген.

2002-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын кодификация жана маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Исабаев Мамадияр Исламович өзүнүн мол тажрыйбасы, терең билими, чечкиндүүлүгү, таамай калыстыгы, бийик моралдык-этикалык принциптери менен татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон. Өзүнүн аркасынан жүздөгөн татыктуу окуучуларды тарбиялаган.

Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы, «Манас» эпосуна 1000 жыл» медалы жана көптөгөн ведомстволук баалуу сыйлыктарга ээ болгон.

Ага 1999-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи ардактуу наамы ыйгарылган. Ошондой эле «эң жогорку квалификациялык класстагы судья» чени берилген.

Кыргызстандын сот системасынын татыктуу уулу Исабаев Мамадияр Исламовичтин жаркын элеси жана басып өткөн жолу биздин жүрөгүбүздө калат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, А.А. Касымалиев, Д.Ж. Амангелдиев, К.К. Ташиев, Э.Ж.Байсалов, Б.Э.Төрөбаев, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Осконбаев, М.А. Сатыев, Ш.Р. Камчыбеков, Н.А. Мусаев, Н.Ж. Бакирова, А.С. Кадыралиев, А.К. Осмонов, М.К. Укушев, Н.К. Ташбеков, Н.А. Сулайманкулов, М.А. Азымбакиев, А.Р. Чынбаева, Д.Т. Орунбеков,З.К. Конгантиева, Ө.Б. Абдурасулов, Д.Т. Шейшеканов, М.А. Арстанбеков, Т.К. Калиев, Ч.Ш. Осмоналиев, А.К. Ширинбаева, Э.Ж.Джумашева жана башкалар.

Связанный пост