КР ЖК Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери башталды

 КР ЖК Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери башталды

2023-жылдын 8-майында Бишкек шаарынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү башталды, ал 2023-жылдын 27-майында саат 8:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:

•  Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

•  Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;

•  басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

•  Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майы, жекшемби күнү өтөт.

Шайлоого 32 талапкер катталды. Талапкерлердин тизмеси төмөнкү шилтемеде:  https://shailoo.gov.kg/ru/news/6669/

Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик «Тизме» порталына (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылды.

Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2023-жылдын 8-майына 51 шайлоо участкасына илинди.

№26 Ленин шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 124 671, анын ичинен 54 585 эркектер жана 70 086 аялдар же 43,79% жана 56,21%.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.

Связанный пост