“КР улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоого бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 22-беренеси төмөнкүдөй ченемди караган 9-1-бөлүгү менен толукталды:
Курсанттар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) аларды окутууга жумшалган бюджеттик каражаттарды төмөнкүдөй учурларда мамлекетке ордун толтуруп берүүгө милдеттүү:
1) окуудагы жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, соттолгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү уюмунан чыгарылганда;
2) алардын демилгеси боюнча окуу мезгилинде же болбосо аскердик окуу жайын аяктаганда аскердик кызмат өтүүдөн баш тартканда.