“КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

 “КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды өнүктүрүү болуп саналат.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган,

2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмү (мындан ары – бир жолку “Бала Береке” төлөмү”) каралган.

Бир жолку “Бала Береке” төлөмүнүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

 

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Связанный пост