КР ИИМ казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гумжардам жөнөттү

Кыргызстандын Ички иштер министрлии суу ташкынынан жабыркаган казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Гумжардамдын ичинде:

  • биринчи керектелүүчү буюмдар:
  • дары-дармектер
  • желим өтүктөр
  • дизелдик жана электр генераторлор
  • үйлөмө кайыктар
  • чатырлар
  • матрацтар
  • тамак-аш
  • жууркандар, жаздыктар жана шейшептер бар.

“Казакстан Республикасы менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз”, – деп министрликтен белгилешти.

Связанный пост