Финансы министрлиги: Сүт секторун колдоо долбоорун каржыландыруу кеңейтилет
Дүйнөлүк банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоо боюнча Миссиясынын алкагында КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков катышуучуларга Жүгүртүү фондунун ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө бир эле сүт чарбасы эмес, Кыргыз Республикасынын бир катар аймактарындагы багбанчылык тармактарына да колдоо көрсөтө турган жаңы долбоордун дизайнынын негизги аспектилери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пландалган долбоордун деталдарын дыкат талкуулоону макулдашты.
Белгилей кетсек, Долбоор Кыргыз Республикасынын үч аймагында иш алып барат. Бүгүнкү күндө Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы 2124 фермер 3 миллиондон ашык АКШ доллары менен каржыланды.