КР Эмгек сиңирген дарыгери Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көрүнүктүү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери маркум Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Ал өз сөзүндө кыргыз медицинасы чоң жоготууга учураганын айтып, Эрнст Акрамовдун өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

“Медициналык кесип эң асыл жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. Бул жолду тандап алган ар бир адам эң чоң миссияны – адам өмүрүн коргоону өзүнө алат. Эрнст Хашимович өз өмүрүн ушул ишке арнап, жөздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды. Ал таланттуу дарыгер гана болбостон, көрүнүктүү окумуштуу, педагог жана насаатчы болгон. Анын эмгекчилдиги, кесипкөйлүгү жана берилгендиги аны кан тамыр жана хирургиянын легендасына айлантты”, – деди Эдил Байсалов.

Эрнст Акрамов 300дөн ашык илимий эмгектин, 16 монографиянын автору болгон, анын жетекчилиги астында ондогон илимдин докторлору жана кандидаттары даярдалган. Анын уникалдуу хирургиялык ыкмалары, алардын көбү дүйнөдө теңдеши жок, медициналык практикада колдонулуп келет.

Эң мыкты кызматы үчүн Эрнст Акрамовго Кыргыз Республикасынын Баатыры жогорку наамы жана башка көптөгөн сыйлыктар ыйгарылган.

“Эрнст Хашимович ар дайым башкалардын жакшылыгын ойлоп, маңыздуу өмүр сүрдү. Биз улуу дарыгерге терең урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү менен коштошуп жатабыз. Анын чыгармалары мындан ары да окуучуларынын чыгармачылыгында жашап, анын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат”, – деп кошумчалады Байсалов.

МинКаб Төрагасынын орун басары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан Эрнст Акрамовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Связанный пост